# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230031358)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августундагы № 189 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031358/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5637/edition/37144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031358/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031358/st-2

---

"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 1992-жылдын августу, 1-тиркеме) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 12-статьяда:

а) он үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жаш курагы, ден соолугунун абалы, штаттын кыскартылышы же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча запаска бошотулган же отставкага чыккан жана 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына, аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда (кызмат өтөө мөөнөтүнө карабастан) курман болгон же каза болгон аскер кызматчысынын үй-бүлө мүчөлөрүнө, аскердик кызматты өтөө мезгилинде каза болгон (20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн) аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жашоого тандаган жери боюнча алар ээлеген же аларга берилген кызматтык квартиралар жеке менчикке акысыз өткөрүп берилет.";

б) он тогузунчу бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Аскер кызматчыларына аскердик кызматын өтөө мезгилинде Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына аскердик кызмат өтөгөн ордуна карабастан катышуу укугу берилет.";

в) төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү жана жыйырма бешинчи бөлүктөр менен толукталсын:

"Ушул статьянын он үчүнчү бөлүгүндө каралган негиздер боюнча бошотулган аскер кызматчысынын үй-бүлөсүнө алардын турак жай алуу укугу ал каза болгонго чейинки шартта сакталат. Аскердик кызматты өтөө мезгилинде каза болгон (20 жана андан көп календардык жыл кызмат өтөгөн) аскер кызматчысынын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайды менчиктештирүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат, эгерде аскер кызматчысынын өлүмү:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук коркунучтуу деп таанылган жосунду жасагандыгынан улам келип чыкса;

- анын алкоголго, баңгизатка же уулуу заттарга мас абалда болуусунун натыйжасында келип чыкса;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн ден соолугуна атайын зыян келтирүүнүн же өз жанын кыюунун натыйжасында келип чыкса.";

г) эскертүүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Башка маанилүү жагдайлар - аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан тынчтык мезгилинде катардан тышкары аскердик кызматка жарактуу, согуш мезгилинде аскердик кызматка жарактуу деп таанылган учурда, пенсияга укук берген кызмат өтөгөн мөөнөтү боюнча запаска бошотуу, судьянын кызмат ордуна же Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктүү же болбосо мамлекеттик органдарына шайлоо же дайындоо менен шартталган жагдайлар.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230031358/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230031358/st-3)
