1-берене
Күчүндө · 06.08.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 39-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 3-пунктта "жана ошол административдик-аймактык бирдиктин аймагында үч жылдан, республикага баш ийген шаарлар үчүн, ал эми калган аймактарда - бир жылдан кем эмес жашагандар" деген сөздөр алып салынсын;
б) 7-пункт "акыркы беш жылдын" деген сөздөрдөн кийин (Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына катышкан учурда 3 жылдын) деген сөздөр менен толукталсын;
2) 59-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) аскердик кызматты өтөө мезгилинде каза болгон (20 календардык жылдан кем кызмат өтөгөн) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө;";
- 6-пунктта "эмгек майыптарына" деген сөздөр "майыптарга" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 7-пунктта "I жана II топтордогу" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган негиздер боюнча кызматтык турак жайларды менчиктештирүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат, эгерде аскер кызматчысынын өлүмү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук коркунучтуу деп таанылган жосунду жасагандыгынын улам келип чыкса;
- анын алкоголго, баңгизатка же уулуу заттарга мас абалда болуусунун натыйжасында келип чыкса;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн ден соолугуна атайын зыян келтирүүнүн же өз жанын кыюунун натыйжасында келип чыкса.".
Берененин тексти 06.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230031358/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>