Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алдындагы „Резерв“ мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-августу № 514
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алдындагы "Резерв" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишин тартипке келтирүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Каракол тегирмен комплексинин базасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алдындагы "Резерв" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алдындагы "Резерв" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алдындагы "Резерв" мамлекеттик ишканасын мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 26-августунда № 64 (3720) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122