Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин «Жаны-Алыш айылындагы кичи футбол стадионго ат ыйгаруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жыл 5-августундагы № 1/9-44 Жаны-Алыш айылындагы кичи футбол стадионго ат ыйгаруу жөнүндө Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жаны-Алыш айылындагы кичи футбол стадионго Койлубаев Дүйшөнбек Мусаевичтин атын ыйгаруу максатында Жаны-Алыш элинин кайрылуусун угуп жана талкулап айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жаны-Алыш айылындагы кичи футбол стадионго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтомунун 2-пунктуна ылайык Койлубаев Дүйшөнбек Мусаевичтин аты ыйгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Октябрь айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.
Председатель
А.Карамырзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.