# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 257 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 257 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 257
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230031248/edition/37046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031248.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 257 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору жөнүндө" Жарлыгы (11.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031248

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2025-жылдын 11-сентябры ПЖ № 257 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору жөнүндө

Дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында, аталган багыттар боюнча маселелерди комплекстүү чечүүнүн топтолгон оң тажрыйбасын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору деп кайра аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул Жарлык бекитилген штаттык сандын, тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы № 220 “Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгынын 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 69 (3725) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
