# Ак-Чий айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 15 "Ченемдик укуктук актыларда, иш кагаздардын жүргүзүүдө жана документ жүгүртүүдө мамлекеттик тилди пайдалануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Чий айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 15 "Ченемдик укуктук актыларда, иш кагаздардын жүргүзүүдө жана документ жүгүртүүдө мамлекеттик тилди пайдалануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78626/edition/36927/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Чий айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 15 "Ченемдик укуктук актыларда, иш кагаздардын жүргүзүүдө жана документ жүгүртүүдө мамлекеттик тилди пайдалануу жөнүндө" токтому (10.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031143

---

АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Ак-Чий айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын 16-кезексиз сессиясы

2023-жылдын 10-октябрындагы № 15

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, 2023-жылдын 17-июлу №140 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндө кабыл алынган Мыйзамынын негизинде Ак-Чий айыл Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндө Мыйзамынын 10- беренесине ылайык: ченемдик укуктук актыларда, иш кагаздардын жүргүзүүдө жана документ жүгүртүүдө мамлекеттик тилди пайдалануунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Талас облусунун, Айтматов районунун, Ак-Чий айылдык аймагынын Аймактык Кеңешинин иш кагаздары жана кабыл алынган ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде даярдалсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага

Н.Абдыкадыр уулу
