# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 468
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44298/edition/36902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (17.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031127

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-октябрындагы № 705 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 5-августу № 468

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы талаптарды жөнөкөйлөтүү, тамак-аш азыктарын сатуу менен алектенген ишкердик субъекттери үчүн ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Тамак-аш азыктарын дүң жана чекене сатуучу объекттерге карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринде жана ченемдеринде:

- 5-пунктта:

17-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "17) тамак-аш азыктарын чекене сатуу объекти (соода объекти) - субъекттер чекене соода ишин жүргүзүү үчүн пайдалануучу мүлктүк комплекс (соода үйү, соода борбору, дүкөн, соода-рыноктук комплекс, автолавка);"; төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пунктча менен толукталсын: "17-1) тамак-аш азыктарын дүң сатуу объекти - тамак-аш азыктары таңгакталган түрдө турган дүң соода ишин жүзөгө ашыруу үчүн субъекттер тарабынан пайдаланылуучу мүлктүк комплекс (дүң азык-түлүк кампасы), бул объектте тамак-аш азыктары таңгакталбастан (ачык түрдө) турушу болжолдонгон тамак-аш азыктарын фасовкалоо, кайра таңгактоо жүргүзүлбөйт жана бул объекттен тамак-аш азыктарын берүү да таңгакталган түрдө жүргүзүлөт;";

- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12. Тамак-аш азыктарын дүң соода объекттерин жайгаштырууда өнөр жай жана башка объекттердин санитардык-коргоо зоналарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары сакталууга тийиш.";

- 13, 14, 20, 23-пункттарда "Соода" деген сөз "Чекене соода" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 15-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 17, 24, 34, 35, 41, 54, 61, 112-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"21. Көмөкчү, администрациялык-чарбалык жана персонал үчүн турмуш-тиричилик жайлары тамак-аш азыктарын ачык түрдө (таңгактабастан) сактоочу жайлардан изоляцияланат.";

- 22-пункт "сактоо жана" деген сөздөрдөн кийин "чекене" деген сөз менен толукталсын;

- 25-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.Касымалиев |
