Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 „Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-августу № 468
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы талаптарды жөнөкөйлөтүү, тамак-аш азыктарын сатуу менен алектенген ишкердик субъекттери үчүн ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Тамак-аш азыктарын дүң жана чекене сатуучу объекттерге карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринде жана ченемдеринде:
- 5-пунктта:
17-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "17) тамак-аш азыктарын чекене сатуу объекти (соода объекти) - субъекттер чекене соода ишин жүргүзүү үчүн пайдалануучу мүлктүк комплекс (соода үйү, соода борбору, дүкөн, соода-рыноктук комплекс, автолавка);"; төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пунктча менен толукталсын: "17-1) тамак-аш азыктарын дүң сатуу объекти - тамак-аш азыктары таңгакталган түрдө турган дүң соода ишин жүзөгө ашыруу үчүн субъекттер тарабынан пайдаланылуучу мүлктүк комплекс (дүң азык-түлүк кампасы), бул объектте тамак-аш азыктары таңгакталбастан (ачык түрдө) турушу болжолдонгон тамак-аш азыктарын фасовкалоо, кайра таңгактоо жүргүзүлбөйт жана бул объекттен тамак-аш азыктарын берүү да таңгакталган түрдө жүргүзүлөт;";
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Тамак-аш азыктарын дүң соода объекттерин жайгаштырууда өнөр жай жана башка объекттердин санитардык-коргоо зоналарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары сакталууга тийиш.";
- 13, 14, 20, 23-пункттарда "Соода" деген сөз "Чекене соода" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 15-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17, 24, 34, 35, 41, 54, 61, 112-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Көмөкчү, администрациялык-чарбалык жана персонал үчүн турмуш-тиричилик жайлары тамак-аш азыктарын ачык түрдө (таңгактабастан) сактоочу жайлардан изоляцияланат.";
- 22-пункт "сактоо жана" деген сөздөрдөн кийин "чекене" деген сөз менен толукталсын;
- 25-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- САНИТАРНО-ЭПИДЕМИОЛОГИЧЕСКИЕ ПРАВИЛА И НОРМАТИВЫ "Санитарно-эпидемиологические требования к объектам оптовой и розничной торговли пищевой продукцией" Утверждены постановлением…Нормативы · 11.04.2016 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-октябрындагы № 705 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым…Постановление · 17.10.2026 · № 705
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122