# 4-берене

- Документ: [Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 "Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031070#diff=45002..57725>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031070/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230031070/edition/36843/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031070/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031070/st-4

---

1. Төмөнкү салык карызы эсептен чыгарылууга тийиш:

- 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилинде пайда болгон жана ушул Мыйзам күчүнө кирген датага карата жоюлбаган, анын ичинде ал боюнча өндүрүп алуу жөнүндө сот актысы бар;

- өндүрүп алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы жок болгондо 2025-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилинде пайда болгон жана ушул Мыйзам күчүнө кирген датага карата жоюлбаган транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттерге таандык жана ижарага берилүүчү имараттарга 2025-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилинде пайда болгон жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин жоюлбаган, анын ичинде мындай карыз боюнча өндүрүп алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы бар учурлар кошулган мүлк салыгы боюнча;

- I же II топтогу майыптыгы бар жеке жактардын 2024-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилдеринде пайда болгон жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин жоюлбаган, анын ичинде ал боюнча сот чечими чыгарылган;

- айыл чарба өндүрүүчүсүнүн 2025-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилинде пайда болгон, айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдаланууда жер астындагы сууларды алуу (жер алдынан чыгаруу) бонусу боюнча карызы, анын ичинде мындай карыз боюнча өндүрүп алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы бар болгон учурлар.

2. Ушул беренеге ылайык салык карызын эсептен чыгаруу салык кызматы органдары тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт жана ушул берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтарында жана 6-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, салык төлөөчү тарабынан кайрылууну талап кылбайт.

3. Салык карызы эсептен чыгарылууга тийиш эмес, эгерде төмөнкүлөр бар болсо:

- субъектке карата салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү;

- ишкердик субъектисине карата салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча аягына чыкпаган кылмыш иши.

Салык карызын өндүрүү жөнүндө сот актысы туумдун бир бөлүгүн гана камтыган учурда, сот актысында камтылбаган калган бөлүгү ушул беренеге ылайык эсептен чыгарылат.

4. Жаңы жана кайрадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо тартибинде сот актысы жокко чыгарылган учурда, салык карызы жаңы жана кайрадан ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо боюнча соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып ушул Мыйзамда белгиленген тартипте эсептен чыгарылууга тийиш.

5. Эгерде салык карызы салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча пайда болсо жана чечим бир нече салык мезгилин камтыса, салык карызынын ушул беренеде көрсөтүлгөн мезгилдерге туура келген бөлүгү эсептен чыгарылууга тийиш.

6. Эгерде салык төлөөчүнүн салык карызы ушул берененин шарттарына ылайык келсе, ошол эле учурда салык төлөөчү банкрот болуу баскычында турса, анда эсептен чыгаруу салык төлөөчүнүн арызынын негизинде гана жүргүзүлөт.

7. 2025-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилдери үчүн пайда болгон жана ушул Мыйзам күчүнө кирген датага карата жоюлбаган, анын ичинде мыйзамдуу күчүнө кирген өндүрүп алуу жөнүндө сот актысы бар салык карызы эсептен чыгарылууга тийиш:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин салыктык текшерүүнүн натыйжасында пайда болгон салык карызы, анын ичинде салык кызматынын органы тарабынан эсептен чыгарылган датага карата эсептелген туумдар жана салык санкциялары боюнча карызы;

- чакан жана орто ишкердик субъекттерине жана, малды кошпогондо, айыл чарба продукциясын сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттерге таандык товарларга баштапкы эсептик документтер жок болгон учурда, киреше салыгы боюнча карыз.

8. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн, консулдук мекемелерден, чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынан жана эл аралык уюмдардан же алардын өкүлчүлүктөрүнөн киреше алуучу, Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген жеке жактар ушул бөлүк күчүнө киргенге чейин аткарылбаган киреше салыгын төлөө боюнча жоопкерчиликтен жана милдеттен бошотулат.

Көрсөтүлгөн кирешелер боюнча пайда болгон салык карызы, анын ичинде өндүрүп алуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар болгон карыз эсептен чыгарылууга тийиш.

9. Өнбөгөн калдыктын 3 пайызын салык төлөөчү төлөгөн шартта Кыргыз Республикасынын аймагынан айыл чарба жаныбарларын (майда жана бодо малды) экспорттоодо (сатууда) 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде пайда болгон өнбөгөн калдыктын суммасынын 97 пайызы, ошондой эле эсептелген туумдардын жана салык санкцияларынын 100 пайызы эсептен чыгарылууга тийиш.

91. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен турак жайларды курууну жүзөгө ашырган мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы аскердик окуялардан кийин Баткен облусунун тургундарына кайтарымсыз негизде кийин өткөрүп берүүгө багытталган ишкердик субъекттеринин 2026-жылдын 31-декабрына чейинки салык мезгилдеринде пайда болгон салык карызы, туумдар жана салык санкциялары боюнча карызды кошо алганда, анын ичинде ал боюнча сот чечими чыгарылган карыз (арыздын жана тиешелүү тастыктоочу документтердин негизинде) эсептен чыгарылууга тийиш.

92. Көмүр казып алуу боюнча иш жүргүзүүчү ишкердик субъекттеринин 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде пайда болгон салык санкциялары жана эсептелген туумдар алар тарабынан өнбөгөн калдыктын суммасы 2026-жылдын 31-декабрына чейин толук төлөнгөн шартта эсептен чыгарылууга тийиш.

93. 2026-жылдагы салык мезгили үчүн салык органы тарабынан мүлк салыгынын суммасы эсептелгендиги жөнүндө салык кызматынын органынын билдирүүсү менен чегерилген мүлк салыгы боюнча салык санкциялары жана туумдар салык төлөөчү тарабынан көрсөтүлгөн мезгил үчүн пайда болгон өнбөгөн калдыктын суммасын толук төлөгөн шартта эсептен чыгарылууга тийиш.

10. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтарында жана 7, 8 жана 9 - 93-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн салык карызы салык төлөөчүнүн тиешелүү арызынын негизинде салык органы тарабынан эсептен чыгарылууга тийиш.

11. Эгерде салык төлөөчүнүн эсептен чыгарылууга тийиш болгон салыктын бир түрү боюнча салык карызы жана салыктын башка түрлөрү боюнча ашыкча төлөнгөн суммалары бир учурда бар болсо, анда төмөнкүдөй тартип колдонулат:

1) эгерде эсептен чыгарылууга тийиш болгон салык карызынын суммасы ашыкча төлөнгөн салыктардын суммасынан аз болсо, анда ашыкча төлөнгөн сумма эсептен чыгарылууга тийиш болгон салык карызынын суммасынан ашык болбогон өлчөмдө бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылат;

2) эгерде эсептен чыгарылууга тийиш болгон салык карызынын суммасы салыктар боюнча ашыкча төлөнгөн суммадан жогору болсо, анда салыктардын ашыкча төлөнгөн суммасынын бардыгы бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылат.

Ушул пункттун жоболору Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 326-329-беренелеринде аныкталган КНСтин ашыкча суммаларына карата жайылтылбайт.

12. Ушул беренеге ылайык салык органы эсептен чыгарууну жүргүзгөн датага карата төлөнбөгөн салык карызы, анын ичинде эсептелген туумдар жана салык санкциялары эсептен чыгарылууга тийиш.

(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070/st-5)
