Төрт-Гүл айылдык кенешинин «Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чек айылынын Р-6 каналынын жогору тарабында жайгашкан №222 контурундагы 3,0 га жер аятын багытын өзгөртүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
2025-жылы 29-июлу № 43 Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чек айылынын Р-6 каналынын жогору тарабында жайгашкан №222 контурундагы 3,0 га жер аятын багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесинин 82-пунктунун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” №145-Мыйзамынын 7-беренесинин 11-пунктунун, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12-Мыйзамынын 3-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 6-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамына 7-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу №665 токтомунун негизинде, «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2025-жылдын 4-июлундагы №01-13/2325 сандуу сандуу маалыматына,көрсөтүлгөндөй жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин 2025-жылдын 25-июлундагы №19 сандуу билдирүүсүнүн, Чек айылынын тургуну Айдаров Галбай Макамовичтин айыл өкмөтүнө жазган арызынын угуп, жана талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIIIсессиясы токтом кылат:
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын Р-6 каналынын жогору тарабындагы №217контурда жайгашкан 3,0 га жер аянты таштактуу жайыт жер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Айыл чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар” түрүнө категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин. Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылындагы Р-6 каналынын жогору тарабындагы 3,0га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияев жүктөлсүн.
Төрага:
Н.Артыков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.12.2020 · № 12