Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Төрт-Гүл айылдык кенешинин 341 «Жаны-Жер айылынын Бкровой участкасындагы №217 контурундагы 1.0 гектар жер аянтынын багытын озгөртүү категориясын (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
2025-жылы 29-июлу № 41 Жаны-Жер айылынын Бкровой участкасындагы №217 контурундагы 1.0 гектар жер аянтынын багытын озгөртүү категориясын (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесинин 8,2-пунктунун, Кыргыз Республикасынын 20013-жылдын 15-июлундагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү» №145-Мыйзамынын 7-беренесинин 1,1-пунктунун, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12-Мыйзамынын 3-беренесинин, Кыргыз республикасынын 2021-жылдын 6-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына 7-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы Жер участокторрун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу №665 токтомунун негизинде, «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 01-13/1331 сандуу маалыматына, көрсотүлгөндөй жана айыл өкмөтүнун башчысы а.Эркебаевдин 2025-жылдын 25-июлундагы №26 сандуу билдирүүчүн угуп, жана талкуулап төрт-Гүл айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтунө караштуу Жаны-Жер айылындагы Буровой участкасындагы №217 контурда жайгашкан 1,0 жер аянты таштактуу жайыт жер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылындагы Буровой участкасынан 1,0га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияев жүктөлсүн.
Төрага:
Н.Артыков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.12.2020 · № 12