# Фрунзе айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-майындагы № 37 "Жайыт жер тилкесин мал жаюудан тышкары башка максатта – туризм багытында ижарага берүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Фрунзе айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-майындагы № 37 "Жайыт жер тилкесин мал жаюудан тышкары башка максатта – туризм багытында ижарага берүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031014>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44201/edition/36765/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Фрунзе айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-майындагы № 37 "Жайыт жер тилкесин мал жаюудан тышкары башка максатта – туризм багытында ижарага берүү тууралуу" токтому (20.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031014

---

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН СЕССИЯСЫ 9-чакырылыш

2025-жылдын 20-майы № 37

Жайыт жер тилкесин мал жаюудан тышкары башка максатта – туризм багытында ижарага берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген “Мал жаюуга байланыштуу болбогон башка максаттар үчүн жайыт ресурстарын пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө типтүү жобого”, Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 662 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жана “Чалдовар Сервис” муниципалдык ишканасынын жайыттар боюнча башкы адиси Данкеева Б.Э. тарабынан Ниязалиев Турдакунга 2 (эки) гектар жайыт жерин туризм жана эс алуу максатында - боз үйлөрдү орнотуу үчүн ижарага берүү тууралуу арызы угулуп, талкууланып, Фрунзе айылдык кеңеши сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ниязалиев Турдакунга Суусамыр жайыт жеринин 181 км-183 км 2 (эки) гектар жайыт жерин мал жаюуга байланыштуу болбогон башка максатта - туризм жана эс алуу үчүн боз үй орнотуу максатында ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2. Жердин так чектерин аныктап, тиешелүү документтерди даярдап берүү жана ижара келишимин мыйзам чегинде Чалдовар-Сервис муниципалдык ишканасы менен түзүлүшүн камсыз кылуу Чалдовар-Сервис муниципалдык ишканасынын директору М.Тунтеевге жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Тубекбаевге жүктөлсүн.

Төрага

Дюшалиев М.К.
