# Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрели № 18 Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды пайдаланууда жайыт акы төлөмүн белгилөө жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрели № 18 Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды пайдаланууда жайыт акы төлөмүн белгилөө жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030971>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44157/edition/36717/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрели № 18 Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды пайдаланууда жайыт акы төлөмүн белгилөө жөнүндө токтому (25.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030971

---

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III отуруму

2024-жылдын 25-апрели № 18

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды пайдаланууда жайыт акы төлөмүн белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамына жана КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №307 токтому менен бекитилген жайыттарды пайдалануу үчүн акы тартиби жөнундөгү Типтүү жобого ылайык, Жибек-Жолу айылдык кеңешинин депутаты бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жибек-Жолу айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:

1. Аймактык-территориалдык реформанын негизинде Ленин жана Бүлөлү аййыл өкмөттөрү бириктирилип Жибек-Жолу айыл өкмөтү түзүлгөндүктөн айыл өкмөттүн жайыт акы планы 443000 (төрт жүз кырк үч миң ) сомго белгиленсин;

2. Айыл өкмөттүн аймагындагы жайыттарды пайдаланууда жайыт акы төлөмү төмөнкүдөй болуп белигиленсин:

- Ири мүйүздүү мал, топоз жана жылкынын 1 башына жылына бир жолу 70 (жетимиш) сом;

- Кой-эчкинин 1 башына жылына бир жолу 20 (жыйырма) сом;

Алыскы жайыттарга сырттан мал алып келген учурларга:

- Ири мүйүздүү мал, топоз жана жылкынын 1 башына жылына бир жолу 500 (беш жүз) сом;

- Кой-эчкинин 1 башына жылына бир жолу 50 (элүү) сом;

3. Жайыт акы төлөмүнүн жылдык планын топтоо жана толтуруу айыл өкмөттүн жайыт маселелери боюнча адиси К. Пазыловго айылдар боюнча жкындан жардам берүү ар бир айыл башчыга милдеттендирилсин;

4. Келишим менен берилген жана өзүм билемдик менен тосуп алган жерлерди тактоо боюнча иш алпаруу Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Тажибаевге милдеттендирилсин;

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Төрага

Орозали уулу Таалайбек
