# Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 1/11-47 "Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыз кылуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 1/11-47 "Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыз кылуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1/11-47
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030968>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44158/edition/36719/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 1/11-47 "Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыз кылуу жөнүндө" токтому (10.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030968

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 10-сентябры № 1/11-47

“Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыз кылуу жөнүндө

“Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 ишке ашыруу жана тиешелүү иш аракеттерди көрүү жана Кемин РМА тескемесин аткарууга алуу максатында:

1. Социалдык суроолор боюнча адистерге:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу алкагында, Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу бардык салтанаттуу иш чаралардын аякташын жана ресторандардын, банкет залдарынын, жайкы кафелердин жана ушул сыяктуу жайлардын ишинин толук токтотулушун саат 22:00дөн кечиктирбестен камсыз кылуу жөнүндө жергиликтүү ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн.

2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү

орун басары, жооптуу катчы, социалдык комиссия мүчөлөрү, айыл башчылары, имамдар жана участкалык инспекторлор:

- бардык массалык иш-чаралардын жана коомдук тамактануу жайларынын ишмердүүлүгү саат 22:00дөн кечиктирилбестен токтотуу боюнча рейд жүргүзүлсүн;

- тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга, аймактарга жакын жайгашкан эс алуучу коомдук жайларга жана калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көзөмөлдөнсүн;

- “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана беренелеринин бузуулары катталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тийиштүү чаралар көрүлсүн;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча” Жарлыгынын жана «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары элдик жыйындарда, жума намаздарда мечитте, калк арасында жайылтылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.

Кеңешинин төрагасы

А. Карамырзаев
