# КР Президентинин 2025-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 203 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2025-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 203 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 203
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030949>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230030949/edition/36705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030949.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2025-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 203 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030949

---

КР Президентинин 2026-жылдын 6-августундагы № 274 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 10-июлу ПЖ № 203

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 179 "Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгиленген техникалык мүнөздөмөлөргө шайкештигин контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Жапаров |
