# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы ПТ № 301 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы ПТ № 301 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 301
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030926>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19562/edition/36678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030926.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы ПТ № 301 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси (12.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030926

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 12-сентябры ПТ № 301

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жободо:

– 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү – он алтынчы абзацтары менен толукталсын:

«Ушул пункттун бешинчи – он үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн документтер төмөнкүдөй берилет:

– электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу сканерленген форматта;

– кагаз форматында (түп нүскаларды өздүк ишке кошуу максатында).»;

– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«8. Маектешүү төмөнкү адамдарга карата жүргүзүлбөйт:

– мамлекеттик органдын, уюмдун, мекеменин, ишкананын аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра дайындалган;

– жаңы мөөнөткө кайра дайындалган;

– номенклатурага кирген кызмат орундары ээлеген;

– негизги кызматкер убактылуу жок болгон мезгилде (бала багуу боюнча өргүү, окуу) дайындоо үчүн талапкер болгон;

– Президенттин Администрациясынын штаттык санына кирген кызмат орундарына талапкер болгон.»;

– 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

«Кадрдык маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүм тарабынан өздүк ишке талапкерге тиешелүү башка кошумча маалыматтар кошулушу мүмкүн.».

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
