# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 727-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы №18-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 727-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы №18-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 727-р
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030917>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44120/edition/36669/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030917.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 727-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы №18-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) тескемеси (27.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030917

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы № 39-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 23-августу № 727-т

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 18-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылга иш-аракеттер планында:

- 274-284, 287-290-пункттардагы "ММСЖСМ" деген аббревиатура "ММЖСМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;

- 285-286-пункттардагы "ММСЖСМ" деген аббревиатура "Спорт агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Планга кыскартуулардын тизмесинде:

жыйырма тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "ММЖСМ - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги"; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Спорт агенттиги - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
