# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 256 "Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 256 "Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030912>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10916/edition/36663/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030912.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 256 "Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" Жарлыгы (11.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030912

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 11-сентябры ПЖ № 256

Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети» мекемеси ага «Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети», «Талас мамлекеттик университети» жана «Баткен мамлекеттик университети» мекемелерин кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.

2. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын укуктары жана милдеттенмелери боюнча укук улантуучусу болуп эсептелет деп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө:

1) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл уюштуруу, финансылык жана башка чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 «Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункттун сегизинчи, он биринчи жана он экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 22-майындагы № 172 «Нарын мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө» Указы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы № 189 «Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө» Указы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы № 190 «Баткен мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө» Указы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-декабрындагы № 646 «Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө» 2000-жылдын 25-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы.

6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 69 (3725) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
