# Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2025-жылдын 27-августундагы № 2025-П-09/43-4-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-декабрындагы № 2024-П-09/67-2-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ долларларын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2025-жылдын 27-августундагы № 2025-П-09/43-4-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-декабрындагы № 2024-П-09/67-2-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ долларларын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2025-П-09/43-4-(БС)
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030890>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-922/edition/36640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030890.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2025-жылдын 27-августундагы № 2025-П-09/43-4-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-декабрындагы № 2024-П-09/67-2-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ долларларын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому (27.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030890

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-августу № 2025-П-09/43-4-(БС)

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-декабрындагы № 2024-П-09/67-2-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ долларларын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-декабрындагы № 2024-П-09/67-2-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ долларларын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөрүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктундагы «2025-жылдын 1-сентябрына» деген сөздөр жана сандар «2026-жылдын 1-мартына» деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын;

- 2-пунктундагы «2025-жылдын 1-сентябрына» деген сөздөр жана сандар «2026-жылдын 1-мартына » деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын;

- 5-пунктундагы «2025-жылдын 1-сентябрына» деген сөздөр жана сандар «2026-жылдын 1-мартына » деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын.

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде:

- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы жана Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгы токтом күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, чет өлкө валютасын сатууга жана сатып алууга укуктуу микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларын, алмашуу бюролорун, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин жана «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматын тааныштырсын.

5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү токтом күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо банктык көзөмөл блогун тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

Төраганын милдетин аткаруучу

М. Аттокуров
