# Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 116 "Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 212 "Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 116 "Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 212 "Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 14.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030834>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44052/edition/36576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030834.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 116 "Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 212 "Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (14.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030834

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2023-жылдын 14-февралы № 116 Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №212 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39, 40-беренелерин, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын вице мэри Ж.Азимовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 8-февралындагы №3 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1.Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №212 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 2-абзацынын 13-пунктундагы “25000” деген цифра “18000” деген цифрага өзгөртүлсүн.

2.Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы №18 “Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №212 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

3.Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (С.Төрөбек уулу) Ош шаарынын аймагындагы айылдарда, жаңы конуштарда уюлдук мунараларды орнотуу жана инфляцияны эске алуу менен жаңы келишимдер түзүлө тургандыгын уюлдук компанияларга эскертүү жагы тапшырылсын.

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы

С.С.Назылбеков
