# Ак-Башат айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-июлундагы №16 "Айыл өкмөтүнүн, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарга белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Башат айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-июлундагы №16 "Айыл өкмөтүнүн, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарга белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030828>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44050/edition/36571/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030828.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Башат айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-июлундагы №16 "Айыл өкмөтүнүн, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарга белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү жөнүндө" токтому (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030828

---

АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-июлундагы № 16

Айыл өкмөтүнүн, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарга белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 “Балдар жөнүндө” Кодексинин 20-беренесинин,Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин, 2025-жылдын 18-июлундагы № 7-Ак-Башат айылдык кеңештин сессиясынын отурумунун чечимине ылайык , айылдык кеңеш токтом кылат :

1. Айыл өкмөтүнүн, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарга белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча маалымат эске алынсын.

2. Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы “Ак-Башат айыл өкмөтүнүн бир жолку материалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо иштелип чыгып , айылдык кеңештин сессиясында кароого жана бекитүүгө сунушталсын

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы

И.С.Рыскулов
