# Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 21-августундагы № 13-96 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 31-майындагы № 13-96 «Кыргыз Республикасынын электр станцияларынын жана электр тармактарынын кызматкерлерин авариялык каршы окутуу тууралуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 21-августундагы № 13-96 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 31-майындагы № 13-96 «Кыргыз Республикасынын электр станцияларынын жана электр тармактарынын кызматкерлерин авариялык каршы окутуу тууралуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 13-96
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030811>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1772/edition/36556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030811.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 21-августундагы № 13-96 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 31-майындагы № 13-96 «Кыргыз Республикасынын электр станцияларынын жана электр тармактарынын кызматкерлерин авариялык каршы окутуу тууралуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу (21.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030811

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

2025-жылдын 21-августу № 13-96

«Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 31-майындагы № 13-96 «Кыргыз Республикасынын электр станцияларынын жана электр тармактарынын кызматкерлерин авариялык каршы окутуу тууралуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»»

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №247 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомдоруна ылайык, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын электр станцияларынын жана электр тармактарынын кызматкерлерин авариялык каршы окутуу тууралуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйругуна (мындан ары - буйрук) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- буйруктун мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын – “Кыргыз Республикасынын энергия тутумунун электр чордондорунун жана тармактарынын ишкерсандарынын бүлүнүүгө каршы машыгууларын өткөрүү эрежелери”.

- буйруктун 1-пункту мамлекеттик тилде төмөнкү редакцияда баяндалсын - “Кыргыз Республикасынын энергия тутумунун электр чордондорунун жана тармактарынын ишкерсандарынын бүлүнүүгө каршы машыгууларын өткөрүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин”.

2. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Электр энергетика башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Министр

Т.Ө. Ибраев
