# Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-апрели № 18 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-апрели № 18 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030803>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44035/edition/36545/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-апрели № 18 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө токтому (10.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030803

---

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 4- сессиясы

2025-жылдын 10-апрели № 18

2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 “Кыргыз Республикасынын министрлеринин жана ведомстволорунун райондук региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүнүн пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 токтомун 13-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кенңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министирлеринин жана ведомстволорунун райондук региондук бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боююнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө (пландаштырылган) 9592,0 миң сом киреше салыгынын 30 пайызы түзгөн 2877,0миң сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн малекеттик субсидия катары пайдаланууга макулдук берилсин.

2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Чолпонбай уулу Сагындык
