Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «О введении запрета на вывоз из Кыргызской Республики катализаторов, бывших в употреблении, шлака, золы и остатков драгоценных металлов, содержащихся в катализаторах» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-02-18.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы N 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-сентябры № 571
Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга тыюу салууну киргизүү жөнүндө
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мурда пайдаланылган, алып жүрүүчүлөргө салынган, ЕАЭБ ТЭИ ТН 3815 товардык позициясындагы катализаторлорду; иштетилген катализаторлордогу металлдарды камтыган, металлды бөлүп алуу үчүн же химиялык реагенттерди өндүрүү үчүн гана жарактуу болгон, ЕАЭБ ТЭИ ТН 2620 товардык позициясындагы шлактарды, күлдөрдү жана калдыктарды; иштетилген катализаторлордо камтылган, негизинен баалуу металлдарды бөлүп алуу үчүн пайдаланылуучу, ЕАЭБ ТЭИ ТН 7112 товардык позициясындагы палладийдин, родийдин жана платинанын калдыктарын жана сыныктарын; ЕАЭБ ТЭИ ТН 8708 92 товардык позициясындагы катализаторлор болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө ушул токтом күчүнө киргенден кийин үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда көрсөтүлгөн тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 80 «Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 69 (3725) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 80 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын…Постановление · 18.02.2025 · № 80 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралы № 116 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын…Постановление · 18.02.2026 · № 116 · Күчүн жоготкон
- Министрлер Кабинетинин 18.02.2026-жылдагы №116 токтомуПостановление · 18.02.2026 · № 116
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 80 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын…Постановление · 18.02.2025 · № 80 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралы № 116 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын…Постановление · 18.02.2026 · № 116 · Күчүн жоготкон