# Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 113 "Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы №105 "Ынтымак жамаатынын Жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 113 "Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы №105 "Ынтымак жамаатынын Жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 14.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030798>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44030/edition/36528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030798.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 113 "Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы №105 "Ынтымак жамаатынын Жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (14.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030798

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2023-жылдын 14-февралы № 113 Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы №105 “Ынтымак жамаатынын Жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34, 40-беренелерин, Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин 2-пунктун жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 33, 34, 35, 36-главаларын жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Б.Усөновдун маалыматын угуп, ушул эле туруктуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 7-февралындагы №1 чечимин эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:

1.Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы №105 “Ынтымак жамаатынын Жобосун бекитүү жөнүндө” токтомунун аталышындагы жана 1-пунктундагы “Жобо” деген сөз “Устав” деген сөз менен алмаштырылсын.

2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Усөнов) жүктөлсүн.

Төрага

С.С.Назылбеков
