Ош шаардык кеңешинин «Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы №105 „Ынтымак жамаатынын Жобосун бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2023-жылдын 14-февралы № 113 Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы №105 “Ынтымак жамаатынын Жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34, 40-беренелерин, Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин 2-пунктун жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 33, 34, 35, 36-главаларын жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Б.Усөновдун маалыматын угуп, ушул эле туруктуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 7-февралындагы №1 чечимин эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы №105 “Ынтымак жамаатынын Жобосун бекитүү жөнүндө” токтомунун аталышындагы жана 1-пунктундагы “Жобо” деген сөз “Устав” деген сөз менен алмаштырылсын.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Усөнов) жүктөлсүн.
Төрага
С.С.Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 105 "Ынтымак" жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.12.2022 · № 105
- Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндөЗакон · 21.02.2005 · № 36