# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-февралы № 5/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-февралы № 5/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5/3
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030772>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44014/edition/36495/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030772.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-февралы № 5/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (08.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030772

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

2017-жылдын 8-февралы № 5/3

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Төлөм системалары башкармалыгы бул токтомду белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жөнөтсүн.

3. Юридика башкармалыгы:

- Улуттук статистика комитетинде каттоодон өткөндөн кийин токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Улуттук банктын Башкы китебиндеги, Пакеттик клиринг системасындагы жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасындагы төлөм коддорунун маалымдамасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, коммерциялык банктарын тааныштырсын.

7. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

Т.Абдыгулов

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-февралындагы № 5/3 токтомуна карата тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр: жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторунун:

- "Киришүү" бөлүгүндөгү "Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча төлөмдөр", "Мамлекеттик бюджеттен чыгашалар боюнча төлөмдөр", "Бюджеттик уюмдардын активдери жана милдеттенмелери менен операциялар боюнча төлөмдөр" бөлүктөрүнө код белгилөө жана классификациялоо системасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2008-жылдын 9-декабрындагы № 203-п буйругу менен бекитилген, ушул операциялардын классификациялык структурасына ылайык түзүлгөн" "2008-жылдын 9-декабрындагы № 203-п" реквизити "2016-жылдын 2-мартындагы № 32-п" реквизитине өзгөртүлсүн;

- 11520000 "Ташып келүүлөргө бажы алымдары" тобу 11525000 "Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү суммаларын которуу боюнча мүчө-мамлекеттердин милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар" жана 11526000 "Чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду" чакан топтору тийиштүү элементтери менен толукталып төмөнкү редакцияда берилсин:

"

Төлөмдүн коду

Төлөм багытынын аталышы

11525000

Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү суммаларын которуу боюнча мүчө-мамлекеттердин милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар

11525100

Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Казакстан Республикасынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар

11525200

Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Беларусь Республикасынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар

11525300

Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Россия Федерациясынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар

11525400

Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Армения Республикасынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар

11526000

Чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду

11526100

Казакстан Республикасынын чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду

11526200

Беларусь Республикасынын чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду

11526300

Россия Федерациясынын чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду

11526400

Армения Республикасынын чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду

";

- 14150000 "Ижара акысы" тобунун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:

"

Төлөмдүн коду

Төлөм багытынын аталышы

14150000

Ижара акысы жана ресурстарды иштеп чыгуу жана пайдалануу үчүн төлөө

";

- 14152000 "Жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн акы" чакан тобунун 14152200 "Жайыт ижарасы үчүн акы" элементинин аталышы "Жайыт жерлерин пайдалангандык үчүн төлөө" болуп өзгөртүлүп жана ушул топтон 14152300 "Айыл четиндеги жайыттардын ижарасы үчүн акы", 14152400 "Интенсивдүү пайдалануудагы зонадагы жайыт ижарасы үчүн акы", 14152500 "Алыскы жайыт ижарасы үчүн акы" элементтери алынып салынып төмөнкү редакцияда берилсин:

"

Төлөмдүн коду

Төлөм багытынын аталышы

14152000

Жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн акы

14152100

Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы

14152200

Жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы

14152600

Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы

14152700

Токой ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы

14152800

Суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы

14152900

Жаратылыш активдерин пайдалангандыгы үчүн башка төлөмдөр

";

- 22100000 "Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу" тобу төмөнкү редакциядагы 22190000 "Жогорку кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү статьяда берилген чыгашалар" чакан топ менен толукталсын:

"

Төлөмдүн коду

Төлөм багытынын аталышы

22190000

Жогорку кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү статьяда берилген чыгашалар

22191000

Жогорку кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү статьяда берилген чыгашалар

22191100

Жогорку кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү статьяда берилген чыгашалар

";

- 22351000 "Башка коммуналдык кызматтар үчүн акы" чакан тобу 22351900 "Башка коммуналдык кызматтар үчүн акы" элементи менен толукталып төмөнкү редакцияда берилсин:

"

Төлөмдүн коду

Төлөм багытынын аталышы

22351000

Башка коммуналдык кызматтар үчүн акы

22351100

Лифтти колдонуу үчүн акы

22351200

Унаа токтотуучу жайлардын жана гараждардын ижарасына акы

22351900

Башка коммуналдык кызматтар үчүн акы

";

- 27115000 "Калкты медициналык камсыздандыруу" чакан тобу төмөнкү редакцияда берилсин:

"

Төлөмдүн коду

Төлөм багытынын аталышы

27115000

Калкты медициналык камсыздандыруу

27115100

16 жашка чейинки балдарды медициналык камсыздандыруу

27115200

Пенсионерлерди медициналык камсыздандыруу

27115300

Социалдык жөлөк пул алган адамдарды медициналык камсыздандыруу

27115400

Студенттерди медициналык камсыздандыруу

27115500

Жумушсуздарды медициналык камсыздандыруу

27115600

Аскер кызматчыларын медициналык камсыздандыруу

".
