# Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 69/13-6 «Токмок шаарынын аймагында тынчтыкты сактоо жана жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу тууралуу» Жобону бекитүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 69/13-6 «Токмок шаарынын аймагында тынчтыкты сактоо жана жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу тууралуу» Жобону бекитүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 69/13-6
- Кабыл алынган күнү: 04.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030743>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230030743/edition/36458/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030743.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 69/13-6 «Токмок шаарынын аймагында тынчтыкты сактоо жана жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу тууралуу» Жобону бекитүү жөнүндө» токтому (04.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030743

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIII КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

2025-жылдын 4-сентябры № 69/13-6

“Токмок шаарынын аймагында тынчтыкты сактоо жана жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу тууралуу” Жобону бекитүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 29-августундагы №01‑07/157 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар) боюнча туруктуу комиссиясынын 2025‑жылдын 1-сентябрындагы отурумунун №11 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Токмок шаарынын аймагында тынчтыкты сактоо жана жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу тууралуу” Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин Социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар) боюнча туруктуу комиссиясына жана Токмок шаарынын мэрине (Эргешов А.К.) жүктөлсүн.

Төрага

М.Т.Тынайбеков
