# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 251 “2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 251 “2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 376
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030721>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43976/edition/36429/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030721.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 251 “2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (30.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030721

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 30-июну № 376

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 251 “2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын сапат инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 15-майындагы № 251 “2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пунктта:

– “39 588 000 (отуз тогуз миллион беш жүз сексен сегиз миң)” деген сөздөр “20 800 000 (жыйырма миллион сегиз жүз миң)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– “53 194 000 (элүү үч миллион бир жүз токсон төрт миң)” деген сөздөр “70 688 460 (жетимиш миллион алты жүз сексен сегиз миң төрт жүз алтымыш)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– “19 218 000 (он тогуз миллион эки жүз он сегиз миң)” деген сөздөр “20 511 540 (жыйырма миллион беш жүз он бир миң беш жүз кырк)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген

2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасында:

## 5-главанын алтынчы абзацында:

– “39 588 000 (отуз тогуз миллион беш жүз сексен сегиз миң)” деген сөздөр “20 800 000 (жыйырма миллион сегиз жүз миң)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– “53 194 000 (элүү үч миллион бир жүз токсон төрт миң)” деген сөздөр “70 688 460 (жетимиш миллион алты жүз сексен сегиз миң төрт жүз алтымыш)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– “19 218 000 (он тогуз миллион эки жүз он сегиз миң)” деген сөздөр “20 511 540 (жыйырма миллион беш жүз он бир миң беш жүз кырк)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген

2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев
