Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 25 “Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 8-сентябры № 569
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 25 “Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, сугат жерлеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы № 202 “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 72-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 25 “Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. Бул токтомдун колдонулушу Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринде, анын ичинде асылдуулугу төмөн жерлерде суу үнөмдөөчү сугат системаларынын курулмаларын жайгаштырууда жерлерди бузууга карата жайылтылбайт деп белгиленсин.”.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:
‒ жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте агрономиялык, экономикалык жана техникалык критерийлерди эске алуу менен суу үнөмдөөчү сугат системалары менен жабдылууга тийиш болгон Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлериндеги, анын ичинде асылдуулугу төмөн жерлердеги жер тилкелерин аныктоону камсыз кылсын; ‒ тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринде, анын ичинде асылдуулугу төмөн жерлерде суу үнөмдөөчү сугат системаларын орнотуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууну камсыз кылсын; ‒ сугат суусун берүү келишиминин негизинде суу берүүнү камсыз кылсын; ‒ суу үнөмдөөчү системаларды колдонуу менен өстүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн кирешенин 20 %ынан кем эмес бөлүгүнө барабар болгон төлөмдү суу пайдалануучу тарабынан төлөө шартында орнотулган суу үнөмдөөчү сугат системаларын күтүү жана техникалык тейлөө боюнча жумуштарды аткарууну, анын ичинде туруктуу сезондук даярдоону жана оңдоону уюштурсун.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар насостук-күч, суу топтоочу жана суу үнөмдөөчү сугат системаларынын башка коштоочу курулмалары менен жабдууларын жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин аныктоону жана райондук суу чарба башкармалыктарына убактылуу мөөнөттүү пайдаланууга өткөрүп берүүнү камсыз кылсын, ошол эле учурда мындай жер тилкелеринде, ошондой эле алардын сакталышын камсыз кылуу үчүн суу үнөмдөөчү сугат системаларынын магистралдык түтүктөрү жайгаштырылган жерлердин үстүндө коргоо зонасын белгилесин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 25 "Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.01.2023 · № 25
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2024-жылдын 22-июлу ПЖ № 202 "Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 22.07.2024 · № 202
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149