# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябры № 566 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборун жоюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябры № 566 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборун жоюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 566
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030709>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43974/edition/36413/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030709.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябры № 566 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборун жоюу жөнүндө" токтому (05.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030709

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 5-сентябры № 566

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборун жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борбору жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги белгиленген тартипте жоюу комиссиясын түзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде: –.15-пункттагы “58”, “126” деген цифралар тиешелүү түрдө “64”, “120” деген цифраларга алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 “Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

–.1-пункттун 8-пунктчасы, 2-пункттун 10-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

– жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4-пункт КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборунун ишин токтотуу катталган датадан тартып күчүнө кирет.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 412 “Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментин түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборунун ишин токтотуу катталган датадан тартып күчүнө кирген 4-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 68 (3724) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме

“2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин башкаруу схемасы
