# Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 4 «Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун бирдиктүү порталына жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 4 «Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун бирдиктүү порталына жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 02.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030708>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1770/edition/36417/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030708.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 4 «Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун бирдиктүү порталына жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу (02.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030708

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

2025-жылдын 2-сентябры № 4

Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун бирдиктүү порталына жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө

Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталынын ишин камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 6-пунктунун 9-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:

1. Ушул буйруктун тиркемесине ылайык Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун бирдиктүү порталына жайгаштыруу тартиби бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Укуктук маалымат башкармалыгы ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күнү ичинде аны Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Экономикалык мыйзамдар башкармалыгы ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.

4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары С.Т. Ызаковага жүктөлсүн.

Министр

А.Б. Баетов
