Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун бирдиктүү порталына жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 2-сентябры № 4
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун бирдиктүү порталына жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталынын ишин камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 6-пунктунун 9-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Ушул буйруктун тиркемесине ылайык Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун бирдиктүү порталына жайгаштыруу тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Укуктук маалымат башкармалыгы ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күнү ичинде аны Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Экономикалык мыйзамдар башкармалыгы ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары С.Т. Ызаковага жүктөлсүн.
Министр
А.Б. Баетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.