Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Балыкчы шаардык кенешинин Балыкчы шаарынын К. Тыныстанов, Балыкчы жана Чолпон-Ата кварталынан 39,7 га жеке менчик турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкесин Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХIII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27- август айы №57
Балыкчы шаарынын К. Тыныстанов, Балыкчы жана Чолпон-Ата кварталынан 39,7 га жеке менчик турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкесин Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы №10 «Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 19-статьяларына ылайык Балыкчы шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын К.Тыныстанов №2 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 2-07-01-0059-0965 жер аянты 39,7га болгон жер тилкесин ипотекалык турак жай куруу үчүн Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр жай, транспорт жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана шаардын мэри Б.Жантаевге тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы ПЖ № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз…Указ · 30.01.2024 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы ПЖ № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.07.2024 · № 191