# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-авугстундагы № 522 "Каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын жана медициналык буюмдардын атайын тизмегин түзүү тартибин жана дары препараттарын жана медициналык буюмдарды чыгаруу, киргизүү критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-авугстундагы № 522 "Каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын жана медициналык буюмдардын атайын тизмегин түзүү тартибин жана дары препараттарын жана медициналык буюмдарды чыгаруу, киргизүү критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 522
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030680>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43949/edition/36361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030680.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-авугстундагы № 522 "Каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын жана медициналык буюмдардын атайын тизмегин түзүү тартибин жана дары препараттарын жана медициналык буюмдарды чыгаруу, киргизүү критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому (23.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030680

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 23-августу № 522

Каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын жана медициналык буюмдардын атайын тизмегин түзүү тартибин жана дары препараттарын жана медициналык буюмдарды чыгаруу, киргизүү критерийлерин бекитүү жөнүндө

“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 6, 7, 8-бөлүктөрүн, “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын жана медициналык буюмдардын атайын тизмегин түзүү тартиби жана дары препараттарын жана медициналык буюмдарды чыгаруу, киргизүү критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 64 “Дары каражаттарынын атайын тизмегин жана медициналык буюмдардын тизмегин түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-августундагы № 64 (3720) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
