# Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 20/IV "Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча тарифти жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 20/IV "Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча тарифти жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20/IV
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030642>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43920/edition/36312/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030642.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 20/IV "Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча тарифти жогорулатуу жөнүндө" токтому (07.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030642

---

ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 7-февралы № 20/IV

"Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча тарифти жогорулатуу жөнүндө"

2013 - жылдын 19-июлундагы Кыргыз Республикасынын № 154 “Автомобиль транспорту жөнүндө 2-бөлүмдөгү, 11-берене 2-пунктуна ылайык, "Каниет" ААКнын директору К. А. Мамедованын № 379 "Бишкек - Туз" жана № 398 -Кант-Нижний. Серафимовка маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча тарифти жогорулатуу жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап жана пикир алмашып,

Жайылма айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. №379 "Бишкек - Туз" жана № 398 Кант-Нижний. Серафимовка маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу тарифи 10 сомго жогорулатылсын. Мектеп окуучулары жана карылар үйүнүн кызматкерлери үчүн мурдагы тариф калтырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Жолдошевге жүктөлсүн.

Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы

К. М. Жонгучкаев
