# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 284-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 284-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 284-р
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030641>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19553/edition/36307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030641.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 284-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (29.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030641

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 29-майы № 284-т

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемесинде:

- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын лидерлеринин, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун жана уюмдарынын жазуу жүзүндөгү өтүнмөлөрү боюнча жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн 750 сом өлчөмүндө (бир жүргүнчү үчүн) акы алынат.".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
