# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 546-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 546-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 546-р
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030640>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19552/edition/36297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030640.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 546-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси (19.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030640

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 19-сентябры № 546-т

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемесинде:

- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, алардын орун басарлары.";

- 44-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"44. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, алардын орун басарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн кызматкерлери.";

2) жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемесинде:

- 2-пунктта:

он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин протокол кызматынын кызматкерлери;"; отуз экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу жана анын орун басарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн кызматкерлери;".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
