# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 725-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 725-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 725-р
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030638>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19551/edition/36293/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030638.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 725-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) тескемеси (21.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030638

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 21-августу № 725-т

Расмий делегациялар залдарында тейленүүгө тийиш болгон кызмат орундарынын жана адамдардын тизмесин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемесинде:

– 6, 10-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары.”;

– 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“40. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын сектор башчылары, мамлекеттик инспекторлору, инспекторлору, башкы эксперттери, эксперттери, спичрайтерлери.”;

– 46-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“46. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын, орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын кеңешчилери, жардамчылары.”;

2) жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемесинде:

– 1-пунктта:

алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын; онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары;”;

– 2-пунктта:

биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын: “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын кеңешчилери, жардамчылары;”; төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын сектор башчылары, мамлекеттик инспекторлору, инспекторлору, башкы эксперттери, эксперттери, спичрайтерлери; кызматтык иш сапар учурунда акысыз тейленет.”.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
