Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 21-августу № 725-т
Расмий делегациялар залдарында тейленүүгө тийиш болгон кызмат орундарынын жана адамдардын тизмесин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемесинде:
– 6, 10-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары.”;
– 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“40. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын сектор башчылары, мамлекеттик инспекторлору, инспекторлору, башкы эксперттери, эксперттери, спичрайтерлери.”;
– 46-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“46. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын, орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын кеңешчилери, жардамчылары.”;
2) жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемесинде:
– 1-пунктта:
алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын; онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары;”;
– 2-пунктта:
биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын: “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын кеңешчилери, жардамчылары;”; төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын сектор башчылары, мамлекеттик инспекторлору, инспекторлору, башкы эксперттери, эксперттери, спичрайтерлери; кызматтык иш сапар учурунда акысыз тейленет.”.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т ("Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар…Распоряжение · 23.09.2022 · № 511-р
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн акы төлөө боюнча НУСКАМА (КР Министрлер…Инструкция · 23.09.2022 · № 511-р
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т ("Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар…Распоряжение · 23.09.2022 · № 511-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122