# 9-берене. Факсимилдик кол тамга

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 9-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-9

---

1. Кыргыз Республикасында майыптыгы бар адамдардын факсимилдик кол тамгасы (факсимиле) өзүнүн юридикалык мааниси боюнча өз колу менен койгон кол тамгасы деп таанылат жана ага теңештирилет.

2. Эгерде майыптыгы бар адам өзүнүн функционалдык чектөөлөрүнөн улам зарыл документтерге кол коюуда өз колу менен коюлган кол тамганы колдонуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда гана ал тарабынан факсимилдик кол тамга колдонулушу мүмкүн.

Майыптыгы бар адам тарабынан пайдаланылуучу факсимилдик кол тамганын аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт. Нотариус майыптыгы бар адамдын факсимилдик кол тамгасынын аныктыгын тастыктоочу күбөлүк берет.

3. Факсимилдик кол тамга майыптыгы бар адам үчүн ал он алты жаш куракка чыкканда даярдалышы мүмкүн жана ал тарабынан өмүр бою пайдаланылат.

Факсимилдик кол тамга жоголгон учурда анын дубликаты даярдалышы керек, ал дагы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

4. Майыптыгы бар адам факсимилдик кол тамганы бардык документтерде, анын ичинде финансылык, бухгалтердик, нотариалдык жана башка документтерде пайдалана алат.

5. Майыптыгы бар адам факсимилдик кол тамганы пайдаланууга байланыштуу өзүнүн жарандык укуктарын жүзөгө ашырууда чектелиши мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-10)
