# 8-берене. Жаңсоо тилинин котормочуларынын статусу

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 8-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-8

---

1. Жаңсоо тилинин котормочусу жаңсоо тили аркылуу түз жана кайра котормону жүзөгө ашырат.

2. Угуусу жана сүйлөөсү боюнча майыптыгы бар адамдарга жаңсоо тилинин котормочусунун кызматтары төмөнкүдөй учурларда көрсөтүлөт:

1) билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде;

2) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө же жарандык, административдик жана кылмыш-жаза иштери боюнча сот процесстерине катышууда;

3) документтерди же бүтүмдөрдү нотариалдык тариздөөдө;

4) транспорт каражаттарын башкаруу көндүмдөрүнө же компьютердик сабаттуулукка окутууда;

5) мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө;

6) мыйзамдарда каралган башка учурларда.

3. Жаңсоо тилине котормочунун кызмат көрсөтүүсүнүн жана жаңсоо тилине котормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Мамлекет жаңсоо тилинин котормочуларын даярдоону камсыз кылат.

5. Мамлекеттик телерадиоберүү уюмдары жаңылыктар берүүлөрүн жаңсоо тилинин котормосу жана субтитрлер менен трансляциялоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-9)
