# 7-берене. Жаңсоо тили

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 7-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-7

---

1. Кыргыз Республикасында жаңсоо тили коммуникациянын толук кандуу байланыш каражаты катары таанылат жана майыптыгы бар адамдардын бирдей укуктарынын теңдигин камсыз кылуу үчүн колдонулат. Мамлекет аны өнүктүрүү жана билим берүү, эмгек, саламаттык сактоо, маданият чөйрөлөрүндө жана коомдук турмуштун башка тармактарында колдонуу боюнча чараларды көрөт.

2. Мамлекет соттук, административдик, медициналык, билим берүүчү мекемелерде жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн кайрылганда жаңсап которуу кызматтарынын көрсөтүлүшүнө кепилдик берет. Мындай кызматтарды көрсөтүүнүн тартиби жана көлөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-8)
