# 6-берене. Майыптыгы бар адамдардын бирдиктүү мамлекеттик реестри

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 6-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-6

---

1. Майыптыгы бар адамдар, анын ичинде майыптыгы бар балдар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу максатында, алардын укуктарын камсыз кылуу, социалдык колдоо көрсөтүү жана мамлекеттик программаларды жана мамлекеттик бюджеттен чыгашаларды пландаштырууну жакшыртуу үчүн Майыптыгы бар адамдардын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - Реестр) түзүлөт жана жүргүзүлөт.

Реестр майыптыгы бар адамдардын дене бойлук, психикалык, интеллектуалдык жана сенсордук бузулуулары жөнүндө статистикалык жана башка маанилүү маалыматтарды камтууга тийиш.

2. Реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби, жеке маалыматтардын массивинин кармоочусун, ошондой эле Реестрге жана жеке маалыматтарга жеткиликтүү болгон субъекттерди аныктоо Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Реестрдин кармоочусу маалыматтарды коргоо жана санкцияланбаган жетүүнүн алдын алуу үчүн жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-7)
