# 5-берене. Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 5-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-5

---

1. Министрлер Кабинети Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешти (мындан ары - Кеңеш) түзөт, анын ишинин тартибин аныктайт жана анын курамын түзөт.

2. Кеңеш майыптыгы бар адамдардын укуктарына жана эркиндиктерине тийиштүү маселелерди талкуулоо жана чечүү максатында түзүлөт.

3. Кеңештин чечимдери тапшырмалар түрүндө таризделет жана тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет.

4. Майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин козгогон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Министрлер Кабинети аныктаган тартипте макулдашуу үчүн Кеңешке жиберилет.

5. Кеңеш майыптыгы бар адамдардын уюмдарынын катышуусу менен ушул Мыйзамдын 41-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн объекттердин жеткиликтүүлүгү боюнча талаптардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында иш жүргүзгөн майыптыгы бар адамдардын уюмдарынын демилгеси боюнча майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештерди түзүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-6)
