# 47-берене. Медициналык-социалдык экспертиза

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 47-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-47

---

1. Медициналык-социалдык экспертиза майыптыктын тобун же категориясын ыйгаруу, ошондой эле реабилитациялоонун жана/же абилитациялоонун жекече программасын иштеп чыгуу менен күбөлөндүрүлүүчү адамдын клиникалык-функционалдык, социалдык, кесиптик жана психологиялык маалыматтарын талдоонун негизинде организмдин абалын комплекстүү баалоого таянуу менен жүзөгө ашырылат.

2. Майыптыгы бар адамдардын майыптыгын баалоо жана реабилитациялоо жана/же абилитациялоо Ишинин, турмуш-тиричилигинин жана ден соолугунун чектелишинин эл аралык классификациясынын принциптерине ылайык жүргүзүлөт.

3. Өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал мезгилинде майыптыгы бар адамды кезектеги кайра күбөлөндүрүүнүн зарылдыгы жөнүндө ченемдин колдонулушу токтотулат.

4. Медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-48)
