47-берене. Медициналык-социалдык экспертиза
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 8-глава
1. Медициналык-социалдык экспертиза майыптыктын тобун же категориясын ыйгаруу, ошондой эле реабилитациялоонун жана/же абилитациялоонун жекече программасын иштеп чыгуу менен күбөлөндүрүлүүчү адамдын клиникалык-функционалдык, социалдык, кесиптик жана психологиялык маалыматтарын талдоонун негизинде организмдин абалын комплекстүү баалоого таянуу менен жүзөгө ашырылат.
2. Майыптыгы бар адамдардын майыптыгын баалоо жана реабилитациялоо жана/же абилитациялоо Ишинин, турмуш-тиричилигинин жана ден соолугунун чектелишинин эл аралык классификациясынын принциптерине ылайык жүргүзүлөт.
3. Өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал мезгилинде майыптыгы бар адамды кезектеги кайра күбөлөндүрүүнүн зарылдыгы жөнүндө ченемдин колдонулушу токтотулат.
4. Медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-47" title="47-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>