# 45-берене. Реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 45-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-45

---

1. Реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү базалык программанын негизинде майыптыгы бар адамга көрсөтүлүүчү чаралардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин камтыйт.

2. Реабилитациялоонун же абилитациялоонун негизги багыттарын ишке ашырууда майыптыгы бар адамдардын реабилитациялоонун техникалык көмөкчү каражаттарын пайдалануусу, шаар куруу жана архитектура объекттерине, байланышка жана маалыматка тоскоолдуксуз жетүүсүн түзүү, ошондой эле майыптыгы бар адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн реабилитациялоо же абилитациялоо маселелери боюнча маалымат менен камсыз кылуу каралган.

3. Реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы майыптыгы бар адам үчүн сунуштама мүнөзгө ээ. Майыптыгы бар адам өзү же болбосо өзүнүн өкүлү аркылуу техникалык каражаттар жана реабилитациялоо же абилитациялоо түрү менен камсыздоо маселесин чечүүгө укуктуу.

4. Реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы акысыз көрсөтүлүүчү жана/же майыптыгы бар адамдын катышуусунда же эмгектик мертинүү же кесиптик ооруга чалдыгуу жагынан күнөөлүү болгон иш берүүчү тарабынан төлөнүүчү чараларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт.

5. Реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы санариптик форматта иштелип чыгат.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-46)
