# 43-берене. Майыптыгы бар адамдарды турак жай жана жер участоктору менен камсыз кылуу. Турак жайларды майыптыгы бар адамдардын кирүүсү жана пайдалануусу үчүн ылайыкташтыруу

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 43-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-43

---

1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон майыптыгы бар адамдарды жана өзүнүн курамында майыптыгы бар адамдарды камтыган үй-бүлөлөрдү эсепке алууну Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт.

2. Турак жайга муктаж болгон, ата-энеси жок майыптыгы бар адамдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бере алат же ээсиз калган мүлктүн курамынан турак жай бөлүп бере алат.

3. Министрлер Кабинети майыптыгы бар адамдар үчүн жеңилдетилген ипотека программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат же турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу кредитине жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

4. Майыптыгы бар адамдар ээлеп турган турак жайлар алардын реабилитациялоонун же абилитациялоонун жекече программасына ылайык атайын каражаттар жана ылайыкташтырылган түзүлүштөр менен жабдылат. Турак жайларды адаптациялоого кеткен чыгашаларды жарым-жартылай компенсациялоо майыптыгы бар адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызынын негизинде жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен берилиши мүмкүн.

5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары майыптыгы бар адамдар үчүн турак жайды эсепке алуу, бөлүштүрүү жана жер участокторун бөлүү боюнча ишти координациялайт.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-44)
