# 42-берене. Майыптыгы бар адамдар үчүн транспорт каражаттары

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 42-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-42

---

1. Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттарын өндүрүү жана сатып алуу майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүгүн жана универсалдуу дизайн принциптерин эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.

2. Жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар автотранспорт каражаттарын майыптыгы бар адамдардын алардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн тоскоолдуксуз пайдалануусуна мүмкүндүк берүүчү көтөргүчтөр, пандустар, аудио жана визуалдык кабарлоо тутумдары, кресло-коляскалар үчүн орундар сыяктуу атайын түзүлүштөр менен жабдууга тийиш.

3. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча маршруттарды тейлөө укугуна конкурстарды өткөрүүдө транспорт каражаттары жеткиликтүүлүк стандарттарына ылайык келген жана майыптыгы бар адамдардын жетүүсү үчүн атайын атайын түзүлүштөр менен жабдылган жактар артыкчылыкка ээ.

4. Унаа токтотмолордо жана унаа токтотуучу жайларда майыптыгы бар адамдар башкарган транспорт каражаттарын жана майыптыгы бар адамдарды (балдарды) ташыган транспорт каражаттарын акысыз токтотуу үчүн орундардын кеминде 10 пайызы (бирок бир орундан кем эмес) бөлүнөт. Бул орундарды пайдалануу эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарында Министрлер Кабинети аныктоочу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү "Майыптыгы бар адам" деген таануу белгиси коюлушу керек.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-43)
